Ишкерлер, студенттер… Экс-премьерлердин балдары эмне менен алек. 2-бөлүм

Мурдагы өкмөт башчылардын көбүнүн уул-кыздары бизнесте, бирок мамлекеттик кызматта жүргөндөр дагы жок эмес. Анткен менен айрымдары премьерликке келгенде балдарынын карьерасына чекит коюлган учурлар болгон.

Буга чейин премьерлердин балдары тууралуу макаланын биринчи бөлүгү чыккан. Бул жолу экинчи жана акыркы бөлүгүн сунуштап отурабыз.

Кыргызстанда канча өкмөт башчы болгон

Убактылуу өкмөттү башкарган Роза Отунбаеваны кошкондо Мухаммедкалый Абылгазиев КРдин 23-премьер-министри. Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев министрлер кабинетин эки иреттен жетектеген. Бул эсепке кыска убакыт премьердин «милдетин аркаруучулар» алынган жок.

Макаланын экинчи бөлүгүндө калган 10 өкмөт башчынын балдары тууралуу кеп кылабыз.

Алмазбек Атамбаев (29.03.2007 — 28.11.2007 жана 17.12.2010 — 1.12.2011)

Алмазбек Атамбаев Алмазбек Атамбаев

Экс-президент жана мурдагы өкмөт башчынын эки никесинен алты баласы бар. Улуу уулдары бизнесте. Сейтек — электр жабдыктарын өндүргөн «Автомаш-Экол» ишканасынын негиздөөчүсү. Сейитбек — электр энергиясын сатуу менен алектенген «Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын теңата түптөөчүсү жана жетекчиси. Тун кыздары Диана жана Динара жөнүндө маалымат аз. Динара Атамбаева 2003-жылы Кыргызстандын Футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султановго турмушка чыккан. Жеке ишкерлик менен алек.

Ал эми Диана Атамбаева «РСК банктын» азыркы жетекчиси Азизбек Өмүркуловдун жубайы болгон. Азыр эки ача жолдо.

Кадыр Атамбаев Түркияда билим алган. Төрт жыл мурда анын «Улуттун жанданышы. Экономикалык пассионардуулуктун теориясы» аталган илимий эмгеги жарык көргөн.

Кенже кызы Алия Шагиева коомчулукка көбүрөөк белгилүү, өзү сүрөтчү. Учурда бир уул, бир кыздын апасы.

Игорь Чудинов (24.12.2007 — 21.12.2009)

Чудинов Игорь Витальевич – член политического совета партии Бир бол. Архивное фото Игорь Чудинов

Көзгө басар жалгыз уулу Родион Москва шаарында жашап, газ тармагында эмгектенерин Чудинов өзү жергиликтүү ЖМКлардын бирине берген маегинде айткан. Ал Бельгия университетин «газ кендерин чалгындоо» адистиги боюнча аяктаган.

Данияр Үсөнов (21.12.2009 — 7.04.2010)

Вице-премьер-министр КР Данияр Усенов на заседании в совета ЕС в Брюсселе. 18 июля 2006 года Данияр Үсөнов

Данияр Үсөновдун эки уулу бар. Ысымдары — Мурат жана Урмат. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, Мурат Үсөнов «Майрам Групп» рекламалык агенттигинин жетекчиси. Ошол эле маалымат булагында Урмат Үсөнов «М энд Компани» компаниясын башкарары айтылат. Данияр Үсөнов өзү Даниил Урицкий деген ат менен Украинада бизнес кылып жүрөт.

Роза Отунбаева (7.04.2010 — 17.12.2010)

Встреча Дмитрия Медведева и Розы Отунбаевой в Астане Роза Отунбаева

Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов активист, ишкерлик менен алектенет. 2016-жылдын аягында жеке каражатынан Бишкектин бир катар жерлерине шаардагы көчө аталыштары жазылган тактачаларды илген. Бул аракети менен калаа бийлигинин каарына калган. Анын карындашы Карачач ЖМКдагы маалыматтарга ылайык, Лондондо жашайт.

Өмүрбек Бабанов (23.12.2011 — 1.09.2012)

Члены Совета государств — участников СНГ выступили с заявлениями Өмүрбек Бабанов

Бабановдун бир уулу, үч кызы бар. Улуу кызы Айпери — Англия өлкөсүндөгү жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Уулунун аты — Нурэмир. 2018-жылы Бишкектеги орто мектепти артыкчылык менен аяктап, Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификатка ээ болгон. Кийин бул документти өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан алган. Бирок ал сертификатты пайдаланбай, чет өлкөлүк ЖОЖдордун биринде инженер кесиби боюнча билим аларын айткан.

Жантөрө Сатыбалдиев (5.09.2012 — 25.03.2014)

Д.Медведев и Ж.Сатыбалдиев встретились в Подмосковье Жантөрө Сатыбалдиев

Сатыбалдиевдин үч уулу жана бир кызы бар. Бир нече жыл мурун ал премьер-министр болгондо эки уулу мамлекеттик кызматтан четтеп, бизнеске өткөнүн өзү айткан. Кызы Асел Нурматова жергиликтүү авиакомпаниялардын бирин негиздеген. Дагы бир уулу Кубат Жантөрө уулу өкмөт аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө иштеп жүрүп, атасы камакка алынганда өз эрки менен кызматтан кеткен.

Жоомарт Оторбаев (25.03.2014 — 1.05.2015)

Премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев Жоомарт Оторбаев

Коомдук ишмер төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Балдары чет өлкөдө билим алышкан. Уулу Курманбай менен кызы Сайна «Кемин» чакан насыя берүү компаниясын негиздешкен. Мындан тышкары, Курманбай Оторбаев былтыркы жылдын май айында «Айчүрөк» борбордук дүкөнү» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

Темир Сариев (1.05.2015 — 13.04.2016)

Премьер-министр Кыргызстана Темир Сариев. Архивное фото Темир Сариев

Жубайы Айжан Сариева экөө бир кыз, бир уулдун ата-энеси Кызы Айгерим Борбор Азиядагы Америка университетин аяктап, учурда жеке ишкерлик менен алек. Уулу Бекболот — мектеп окуучусу.

Сооронбай Жээнбеков (13.04.2016 — 22.08.2017)

Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков во время рабочего совещания. Архивное фото Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков премьерлик кызматтан президенттик шайлоого катышып жаткандыктан баш тарткан. Азыркы өлкө башчы эки баланын атасы. Кызы Бактыгүл Кыргыз-Россия Славян университетинин студенти. 2016-жылы депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабекке турмушка чыккан. Жолдошу азыр өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адиси. Ал эми президенттин уулу мектеп окуучусу.

Сапар Исаков (25.08.2017 — 19.04.2018)

Премьер-министр КР Сапар Исаков встретился с директором Восточного альянса за безопасный и устойчивый транспорт (EASST) Эммой Макленнан Сапар Исаков

Учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалып турган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кичинекей төрт кызы бар. Төртүнчү кызы 2017-жылы жарык дүйнөгө келген.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу