Ич кийимчен чыккан ырчынын колдоочулары патриот жигиттерден тарта саясатчыларга чейин

Феликс Кулов Зеренин клиби коомчулукта кызуу талкууга алынган 19 жаштагы Зере Асылбек кызы тууралуу өз пикирин билдирди.

— «Ар-Намыс» партиясынын жаш мүчөлөрү Зере аттуу ырчыга таандык «Кыз» деген клип боюнча өз оюмду айтууну өтүнүштү. Көрдүм. Аткаруучу чагымчылдык образ тандап алганын белгилеп коюу керек. Бирок мындай экстраваганттуу жолду тандабаса, ал көздөгөн эффектке жетпей турганын жакшы түшүнгөн», — деген экс-депутат Зеренин маегин көргөндөн кийин анын ак ниеттүү кыз экенине ынанганын билгилеген.

«Ал өз оюн эркин, зомбулуксуз билдирүүнү колдоп чыгып жатат. Мага мындай позиция жагат. Жеке эркиндик башка адамдардын эркиндигине коркунуч жаратпашы керек деп эсептейм. Бирок муну менен баардыгы үрп-адаттарды сактап, башка адамдын кадыр-баркын, абийирин кемсинтпеген, саясатта же динде өзүнүн көз карашын башка адамдарга таңуулоого жол бербеген коомдо бекитилген белгилүү бир жүрүм-турумдардын нормаларын карманышы керек деп ойлойм.

Социалдык тармактарда ага ар кандай баа берип жатышат. Жакшы айткандар дагы бар жана кордогон комментарийлерди жазгандар дагы жок эмес. Клип социалдык болгондуктан көпчүлүккө катуу тийди. Мен ага ушундай активдүү социалдык позицияны карманууну улантууну жана анын ынанымдарына каршы болгондорго жол бербөөнү каалайм», — деген Феликс Кулов.

Зерени өлтүрүп кетем деп коркуткандардан да коргой турган азаматтар бар экенин социалдык тармактардан көрүүгө болот. Алсак интернет колдонуучу Талант аттуу мырза да Зере боюнча өз пикирин төмөнкүчө билдирген:

-Бул кызды биринчи көргөндө эле Фионаны элестеткем. Фионага абдан окшош экен. Бирок жомокто деле Фиона сулуу ханбийке болот эмеспи! Биздин Зеренин деле жан дүйнөсүндө сулуу ханбийке жашынып жатат. Эмнеге аны сынап, коркутуп, чычалап, сөгүп-сагып өлүп атасыңар? Кыргыз кыргызды качан укчу эле? Эмне Зере ырдап койсо эле кыргыздын кыздары эмчектерин булактатып чуркап чыгат дедиңерби? Хиджапчандар Гүлчөтайдай жоолугун ыргытат дедиңерби? Чокуңаргабы? Эч ким эч нерсе болбойт! Көчөдөн эмне чачын тотукуштун уургачысындай саксайткан Кайраттарды көрдүңөрбү? Бир эле Кайрат бар. Тескерисинче Зереге рахмат! Элди ыймандуу болгонго чакырык жасады бул түрү менен. Зере эгер сени коркутуп атышса жансакчы болуп бергенге даярмын. Личкама жазып кой. Сен дагы кыргыз кызысың. Өз оюң, өз жашооң бар! Эч ким сени тыйганга акысы жок. Сени Фиона дегенимди жаман көрбө! Сен мен сыйлаган Фионамсың!-деген билдирүү калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу