Исхак Масалиев: «Эгерде коррупцияга малынса, экс-президент да мыйзам алдында жооп бериши керек»

17-май күнү парламент отурумунда Бишкек ТЭЦи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо уланды. Анда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев көзөмөл жана укук коргоо органдары эгерде зарылчылык болсо, мурдагы мамлекет башчысына да кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк алышы үчүн Кыргызстандын экс-президентин кол тийбестиктен ажыратуу сунушун айтып чыкты.

Ошентип экс-президенттин кол ттийбестигин алып салуу механизмин иштеп чыгууга 87 депутат «макул» деген добуш беришти, болгону 14ү «каршы» добуш берди.

Мына ушундай добуш берүү болгондон кийин айрымдар «Депутаттар мурдагы президент А. Атамбаевге каршы добуш беришкенин билбей калышты окшойт» деген маанайдагы пикирди жайылтуу аракетин көрүштү. Бирок, бул чындыкка жатпай турганын демилгечи И. Масалиев маалымат булактарынын бирине мындайча билдирген:

«Менин сунушум жазуу түрүндө ар бир депутаттын экранынан көрүнүп турду. Андыктан эл өкүлдөрү менин сунушумдун маанисин түшүнбөй калышты дегендик – жок эле дегенде компетенттүү эмес болуп калат. Баардыгы эмнеге добуш берип жатышканын эң сонун түшүнүп турушат. Бир гана Жамангулов байкоосуздан «макул» деген кнопканы басып алганын айтты», — дейт ал.

Ошондой эле ал Атамбаевдин гана кол тийбестигин алып салуу үчүн добуш берүүгө чакырбаганын белгиледи. «Экс-президенттен кол тийбестикти алып салуу – бул жөн гана акыйкаттыкты калыбына келтирүү. Азыр жадакалса аракеттеги президентке баш прокуратура кылмыш ишин козгой алат. Кийин депутаттардан кол тийбестикти алышты. Жөн гана өзгөчө оор кылмыш боюнча кылмыш ишин козгоого болот деген норма киргизишти. Эгерде коррупцияга аралашсаң, анда сен экс-президент болсоң да мыйзам боюнча жооп бер. Мен Атамбаевге кылмыш иши козголот деп кепилдик бере албайм, бирок эгерде ТЭЦ боюнча жаңжал ага чейин жетсе, анда бул мүмкүн», — дейт И. Масалиев.

Анын сунушу Конституцияга каршы келбейби деген суроого да конкреттүү жообун узаткан. ««Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги боюнча» мыйзам бар. Ага биз өзгөртүүлөрдү киргизе алабыз. Ошентип биз кырдаалды башкара алабыз. Конституцияда президент жана экс-президенттин статусу ушул мыйзам менен белгиленет деп жазылып турат. Баш мыйзамга биз эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ойлонгон жокпуз», — дейт ал.

Демек, экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу сунушу Конституцияга эч кандай карама-каршы келбейт. Болгону мыйзам алдында катардагы жарандан тарта президентке чейин бирдей укукта экени гана тастыкталат.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу