Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери: “Атамбаев мени эч убакта Бишкек шаарынын мэри кылып дайындаган эмес”

—Атамбаев сизди шылдыңдагандай түр менен “Мурмуркулов” деп атап, чычалаганын көрсөттү. Анын айтканына териккен жоксузбу?

—Мени шылдыңдап, келекелеп сүйлөгүдөй жаш бала эмесмин. Ар дайым өзүмдүн көз карашым болгон. Анын колун эч убакта караган эмесмин. Дайыма өнүктөш катары жүрчүбүз. Ушул партиянын идеологиясы деп башыбыздан көп кыйынчылыктарды өткөзгөнбүз. Бийликке келгенден кийин Атамбаевдин мага, менин үй-бүлөмө жасаган мамилеси  анын ички дүйнөсүн ачык көрсөттү. Ошондон кийин кантип экөөбүз бир көз карашта болобуз? Бүгүнкү кырдаалдан жаралышы президенттик шайлоодон кийин башталды. Шайлоо алдында партиянын бир талапкерди алып чыгабыз деген чечими бар болчу. Ошол чечим менен Сооронбай Жээнбековду талапкер кылып алып чыктык. Баарыбыз тең үгүт иштерине жардамдашып, аны колдоп, шайладык. Жаңы президент өз ордуна олтургандан кийин өзүнүн саясатын алып барат да. Мурунку президенттин доору бүттүп, Жээнбековдун өзүнүн көз карашын, ойлорун ишке ашырууга аракет көрөт. Губернатор, депутат, министр, премьер-министр болуп иштеп, көйгөйлөрдү ичинен жакшы билет. Көйгөйлөргө чара көрүп, коррупцияга каршы күрөштү баштаганы экс-президентке жакпады. Ажырым ушундан башталды. Менин түшүнүгүм боюнча экс-президент өзүнүн жеке мамилесине бизди кошушу керек экен. Борбордук аянт кызыл канга боёлуп, канча азаматыбыз каза болуп кетти. Ошонун аркасы менен бийликке келгенин эч ким жокко чыгара албайт. Ошол окуяны унутпоо зарыл. Ал учурда баарыбыз чогуу жүргөнбүз. Менин оюм боюнча партиянын съезди болуп, баарына баа берилиши керек.

Экс-президентти да чакырасыздарбы?

—Чакырылат деп ойлойм. Келип отчётун берсин. Делегаттар колдой турган болсо ачык айтылат.

—Съезде Атамбаевди партия лидерлигинен алуу маселеси каралабы?

Программаны кабыл алууну съездге келген делегаттар чечет. Саясий кеңештин чечимин Өмүркулов жеке өзү кабыл алган жок. Көпчүлүк катышып кабыл алды.

—Мурунку президентти жаш кезинен жакшы билем дедиңиз. Досуңуз жаш кезден эле миллионер болуп, партияны каржылап келгени ыраспы?

Тийиштүү кызматтар декларациясын текшерип чыкса эле баары көрүнөт деп ойлойм. Бирок, партиянын бир топ иш-чараларын каржылаганы чындык. Муну да айтыш керек.

—Атамбаев бийликке келгенде сиз Бишкек шаарынын мэри болдуңуз. Бул орунга Атамбаев жеке өзү сунуш кылганбы же Убактылуу Өкмөттүн чечими менен дайындалгансызбы?

—Атамбаев мени эч убакта Бишкек шаарынын мэри кылып дайындаган эмес. 7-апрелдеги аянттагы окуялар, андан кийинки талап-тоноочулук болуп, шаарда хаос орун алып турган кезде Убактылуу Өкмөттүн чечими менен мэр болуп дайындалгам. Шаардын активине Өмүрбек Текебаев алып барып тааныштырган.

(Уландысы бар)

Маектешкен Темирлан Токтоболотов , “Жаңы ОРДО”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу