Иса Өмүркуловдун Атамбаевге «нерви» кашайды

Иса Өмүркулов экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда көзүн май басып калганын белгиледи. Бул тууралуу ал Би-Би-Си радиосуна маек берип жатып билдирди.

Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жаткан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Атамбаев боюнча төмөнкүлөргө токтолду. Анда Атамбаев жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде «Мурмуркулов» деп атаган ысым өзү экенин айтты.

Ал мен. Шылдыңдагансып айтып жатат. Мен мындай дейт элем. Азыр ал көп нерсеге көзүм ачылды деп жатпайбы. Демек бийликте турганда көзүн май басып калган да. Май басып калып эч нерсе көрбөй калган,тилекке каршы.

Өткөн жылдын 31-октябрында КСДП Иса Өмүркуловд «партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган» деген негиз менен партиянын катарынан чыгарылган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу