Исаев Жетигеновдон сабоо жеди…

Канат Исаев өткөн жумада Жогорку Кеңештин трибунасында адатынча Атамбаевди болушунча шыбап жаткан учурда, сөзгө берилип, элирип кетип крим чөйрөдө аты белгилүү делген «Алмаз Бокушевдин балдары да ЖКда депутат болуп олтурат”- деп күпүлдөп, депутат Бакыт Жетигеновго сөз тийгизип, жөөлөп өткөн эле. Себеби, экс-министр Абдылда Суранчиев 2013-жылдары Жетигеновду Бокушевдин баласы деп жарыялаган. Ошондон бери, бул жарлык Жетигеновго жабышып, бирок иш жүзүндө эч кандай далил табылган эмес. Исаев ошону билип турса да, тынч жүргөн Жетигеновго тийишти. Бакыт мырза, бир сүйлөгөн, оор басырыктуу, салмактуу саясатчылардын бири. Бирок Исаев анын жинин ушунчалык кайнатканбы, айтор ал жыйын соңунда Исаевдин кабинетине кирип барып, аны алка-жакадан алып канжалата сабап, акесин таанытканын билген журналисттер жазып чыгышып, ал тургай далил катары жакында сүрөттөрүн да жарыялай турганын билдиришкен. Кыскасы, ойлонуп сүйлөбөй, оозго жеген Исаев өзүнөн көрсүн. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү Жетигенов туура эле кылыптыр деп, колдоп жатышат.

БУЛАК: Багыт.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу