Интернеттеги видеодогу окуяга катышкан инспекторлор иштен алынды (видео)

Ички иштер министрлиги Интернетте тараган видео боюнча кызматтык иликтөө аяктаганын маалымдады. Ага ылайык, милициянын кесиптик этика кодексинин талаптарын одоно бузгандыгы, ИИМдин ишине көлөкө түшүргөндүгү үчүн жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгында батальондун командири Р. К жана тескөөчүлөрү А.Б менен И.Б кызматтан алынды. Мындан тышкары, башкармалыктын тогуз кызматкерине тийиштүү жаза берилди.

9-декабрь күнү НТС телеканалынын «ТВ-кайгуул» берүүсүндө терезеси караңгылатылган машинеде кыздын жардам сурап кыйкырып жаткан учуру тартылган. Анда Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалыктын кызматкери бул көрүнүшкө эч кандай чара көргөн эмес. Айдоочу инспекторго «келинчегим чатак салып жатат» деп айтып кетип калган. Автоунаанын эшиги бир саамга ачыла калган учурда ичинен “аялы эмесмин, коё бергилечи” деп кыйкырган кыздын үнүн угууга болот. Бул видео Интернетте кызуу талкууланып жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу