«Илмекей» Илмиянов, «былгытма» Ниязов…

2015-жылы апрелде Алмаз Атамбаевдин жасоолдору «Вечерний Бишкек» гезитин рейдерлик жол менен басып алышкандыгы чоң ызы-чууну жараткан. Гезиттеги өз үлүшүн мурун сатып кеткен Александр Рябушкинди пайдалануу менен бийлик гезитти кожоюну Александр Кимден толугу менен тартып алып, анын өзүнө кылмыш ишин козгоп, куугунтукка алышкан.

Мурунку Ички иштер министри, милициянын генералы Өмүрбек Суванавлиев бул ишке Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү Икрамжан Илмиянов, Эркин Мамбеталиев, Абдил Сегизбаев жана Фарид Ниязовдорду ачык эле айыптап чыгып, алар «Вечерний Бишкек» гезитин, анын типографиясын жана «майлуу-сүттүү» «Рубикон» жарнамалык фирмасын рейдерлик жол менен тартып алышты деп билдирген.

Бүгүн мына ушул фактыларды тыкыр иликтөөгө, тергөөгө убакыт келип жетти. Икрамжан Илмиянов мына ушул факты боюнча да суракка алынып, ага укуктук баа берилиши керек.
Анын үстүнө жакында эле укук коргоо органдары «Вечерний Бишкек» гезитинин мурунку кожоюну Александр Кимдин арызы боюнча 2015-жылы анын мүлктөрүн Александр Рябушкинге бийликтин жардамы менен мыйзамсыз өткөрүлүп берилиши боюнча кылмыш ишин тергеп баштады.

«Вечерний Бишкек» холдингинин жетекчилеринин кабинеттери тинтүүгө алынып, тергөөчүлөр тарабынан мөөр басылып, жабылды.

Бул иш боюнча да жогоруда генерал Өмүрбек Суваналиев аттарын атаган Атамбаевдин жасоолдору суракка алынып, иш өзүнүн логикалык чегине чейин жеткирилиши зарыл.

Ошондо гана коомчулукта ар бир кылмыш өз жазасын аларына ишеним пайда болот эле.

Ошондо гана эл бүгүнкү бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн бир демден колдоп кетмек.

Булак: «Кабар Инфо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу