Илим Карыпбеков: «Өкмөттү көрсөткүлөчү мен дагы барып түкүрөйүн»

Түкүрүнүп «хит» болгон жигиттер тууралуу коомдо талкуу кызуу жүрүп жаткан чак. Бири жигиттердин бул кылган кадамдары туура десе экинчи тарап жигитчилик эмес деп кайым айтышуу күчөп турат.

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков да бул темага байланыштуу өзүнүн пикирин төмөнкүдөй билдирди:

«Экинчи жигитибиз түкүрүп акчасын көрсөтүптүр. Атың чыкпаса жер өрттө деген ушу. Өкмөт албетте түкүрүктөн акча табалы деген жок, муну баары эле түшүнүп жатышат. Тигил түкүрүнүп жаткан жигиттер деле түшүнүп турат сопсонун. Коомдук жерде какырынып, түкүрүнгөн эң балит нерсе!

Тилекке каршы айрым жердештерибиз «маданияттуулукка» айып төлөткөндөн кийин гана үйрөнүшөт. Мага түкүргүлө деген Өкмөттү көрсөткүлөчү мен дагы барып түкүрөйүн. Түкүрбө деген Өкмөткө түкүрүп ит эле болуп атабыз! Негизи кыргызга душмандын кереги жок, өзүбүз эле жоголобуз түкүрүнүп, какырынып, бири бирибизди жамандап, шыбап жатып.

Өкмөт өкүлдөрүнө жөнөкөй Кыргызстандын жараны катары кайрылат элем — маданиятсыз, акчасы көп түкүрүгүч, какыргычтарды унчукпай кармап, айып сала бергиле! Кайра жакшы, далилдеп кереги жок, өзүлөрү баарын далилдеп жатышат!

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу