Икрам Илмиянов ресторандын тамагын ичип, түрмөдө жыргап жатат…

УКМКнын СИЗОсунда Икрам Илмиянов камерада жалгыз отурат. Шарты, жашоосу жакшы, кьмбат ресторандардан тамак алдырып ичерин эшиттик. Ал тергөө менен иштешип, бийликке керектүү маалыматтарды берип атканы, шефи Атамбаевди сатып кеткени каңкууланууда. Жаз айына карай Икрамдын соту башталып, жеңилдетилген жаза мөөнөтүн алуу менен мамлекетке айып пул төлөп, эркиндикке чыгары болжонууда. Башкаларга караганда Илмиянов эркиндикке чыгуунун эбин таап, мойнундары оор жүктөн арылуунун камын көрүүдө. «Камалгандан кийин кимдин ким экенин билдим, эсептешчү күн келет» деп кайсы бир адамдарга ызырынып да жатыптыр…

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу