ИИМди жыргатпаган Исраилов вице-премьер болуп жыргатабы?

Жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер министр Темир Жумакадыровдун ордуна азырынча эч ким дайындала элек. Бирок ким дайындалаары тууралуу божомолдор бар. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Улан Исраилов же Сүйүн Өмүрзаков келиши күтүлүүдө. ИИМди жыргатпаган Исраилов вице-премьер болуп жыргатмак беле. Кыргыз милициясынын тагдырын чече албаган неме чек аранын тагдырын чечеби? Андан көрө Сүйүн Өмүрзаковдун келгени оң болуп турат. Такшалган, тажрыйбалуу, элге кадыр-баркы бар татыктуу кадр. Бул тандоону көпчүлүк эл да колдойт болуш керек. Эл колдогон кадр учурда бийликке суудай эле керек болуп турат.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу