Зилалиев камактан үн катты

Камакта жаткан мурунку вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев, уран казуу иши боюнча Жогорку Кеңеш менен кызматташууга даяр экендигин билдирген катын жарыялады. Ал жарыялаган катында, абакта жатсам уран боюнча күнөөнүн баарын эле мага оодарып жатышат деген таризде жазган. Бул туурасында: “Мен Мамлекеттик энергетика жана өнөр-жай комитетинен кеткениме 2 жыл болду. Кээ бир жетекчилер өз кылгандарын мага оодарып жатышат. Уран боюнча түзүлгөн азыркы абалдан кабарым бар жана анын кооптуулугун билем. Мындай маселе мыйзам жолунда чечилиши керек. Мен милдеттерим боюнча жоопкерчилик алууга даярмын” – деп жазган. Ошондой эле айрым жагдайлардын сырын ачаарын кыйыткан.
Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу