Жүрөгү оорулуулар Орозо кармаса болобу?

«Жүрөгү оорулуулар Орозо кармаса болобу?» деген суроо көпчүлүктү түйшөлтүп келет. Баарыңыздарга маалым болгондой Орозо учурунда тамактануу тартиби жана уйку алмашып калат. Ошол себептен жүрөгү ооругандар алгач врачынан кеңеш алуусу кажет.

Айрым адистердин айтуусунда, алардын Орозо кармоосу ден соолугуна көп деле зыян алып келбегендигин айтып келет.

А бирок саарлык жана ифтар учурунда майлуу тамак ашты тоюп жеп алуудан жүрөккө күч келет экен. Эгерде, ифтар учурунда ашыкча тамак жебей, өзүн жакшы караса, анда алар дагы Орозо тутканга болот.

А бирок бардык жүрөгү оорулуулар Орозо тута алабы?

Өнөкөткө айланып, дарыланууга мүмкүн болбогон жүрөк оорулуулар үчүн Орозо кармоо опурталдуу. Өзгөчө кечки ооз ачуудан кийин, калориясы күчтүү жана майлуу тамактар менен тамактанган жүрөккө күч келет.

Муну менен бирге кан басымы жогору жана көп жылдан бери жүрөгү ооруп келгендер дагы Орозо кармаганга болбойт.

—Жүрөк пристубун башынан өткөргөндөр

-Жүрөккө кеткен кан тамырларга стенд коюлгандар

-Жүрөгүнөн операция болгондор

-Жүрөгү ооруп, ооруканага жатып, дарыланып чыккандар Орозо кармаганга болбойт.

Эгерде жүрөгү оорулуулар буга да карабай Орозо кармайм десе, анда төмөнкүлөргө көңүл бөлүү кажет:

—Саарлыкта жана ифтарда майлуу тамак-аштан баш тартуу

-Ооз ачууда бат-баттан тоюп жеп албоо

-Бууга бышырылган тамак-аштарды колдонуу

-Убагында уктап эс алуу ж.б.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу