Жээнбеков: «Коррупция өз тамырын биз ойлогондон да терең жайган…»

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүн коорупция менен күрөшүүдө жардам берүүгө чакырды. Мамлекет башчысы мындай билдирүүнү “Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференциясынын ачылышында билдирди.

Ал билдиргендей, коррупциялык көрүнүштөрдү ачыктоодо жүргүзүлүп жаткан иш жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек, антпесе ал каалагандар таасир тийгизе албайт.

“Коррупция өз тамырын биз ойлогондон да терең жайган. Коомду жемкорлуктан тазалоо керек, антпесе биз өлкөнү экономикалык артта калуудан чыгара албайбыз. Бул үчүн элдин колдоосу керек”, – деп баса белгиледи президент.

Ал өз сөзүндө коррупциялык схемаларды аныктоодо жарандык коом көмөк көрсөткөн башка мамлекеттердин тажрыйбасын айтып өттү. Кыргызстан да мындай тажрыйбаны колдонсо болот, ал үчүн жергиликтүү бийлик калк менен түздөн-түз тыгыз диалог жүргүзүшү керек болот.

БУЛАК:Govori.TV.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу