Жээнбеков: жыл сайын ар бир райондун борборуна 3 чакырым асфальт төшөлөт

Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди:

— Транзиттик мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Мурунку башталган иштердин баары уланууда. «Бишкек-Ош» жолунун – «Кара-Балта — Бишкек» жана «Маданият — Жалал-Абад» участокторун ремонттоо иштери аткарылып жатат, ырааты менен бүтөт. Мындан тышкары ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир райондун борборунда жыл сайын 3 чакырымдан кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселе бар. 2018-жылы бул багытта иш солгундады. Быйыл бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот, — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы кечээ, 20-февралда Баткенге барып, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолуккан. Мындан сырткары, ал Кадамжайдагы «Факел» чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Бүгүн өлкө башчынын сапары Жалал-Абадда уланууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу