ЖЭБ чыры боюнча Атамбаевге да баа берилет

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш-аракеттерине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, мурунку премьер-министр Сапар Исаков коррупцияны уюштурганга айыпталууда.  Исаковдун экс-президент Атамбаев менен кат алышуусу бар. Алмазбек Атамбаев боюнча материалдар өзүнчө ишке алынган.

Бул маселе боюнча депутат Алмазбек Токторов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси СагынбекСамидин уулунан ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциянын башында ким турганын сураган.

Сагынбек Самидин уулунун айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө айрым чиновниктердин бузуулары аныкталган. Алар өзүнчө ишке бөлүнгөн. Аны мыйзам жолу менен чечип, бул иш боюнча Атамбаевдин президент болуп тургандагы иш-аракеттерине юридикалык баа берүү зарыл.

Ага карата Токторов экс-президентти жоопкерчиликке тартууга болорун билдирди.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу