Жыл жаңырары менен 121 миң сом: Тыюу салынган жерде тамеки чеккендерге да айып салынды

Ички иштер министрлигинде жыл жаңырары менен «Тартип бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системи ишке кирди. Мындай систем 1-январда түнкү саат 12:00дөн тарта иштей баштаганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Тартип бузуулардын бирдиктүү реестри» системи биринчилерден болуп саат 04:20 чамасында Панфилов районунда документсиз унаа айдоо фактысын каттады. Жыл жаңыргандан тартып кечээ, 2-январь саат 12:05ке чейин жалпы 39 тартип бузуу фактысы катталган.

«Ош шаарында, Жайыл районунда жол эрежелери бузулса, Кемин районунда милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө фактысы болгон. Чоң-Алайда транспорттук каражатты колдонууда эрежелер бузулган. Ал эми Өзгөн РИИБи, Кара-Суу РИИБи, Бишкек ШИИББи тыюу салынган жайларда тамеки чеккендерди каттады. Араван районунда, Ысык-Көл облусунда мас абалында унаа айдагандар кармалды. Мындан башка да бир катар тартип бузуулар аныкталып, жалпы айып пулдун суммасы 121 миң сомду түздү», — деп жазылат маалыматта.

Булак: Супер Инфо 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу