Жылдыздар кантип арыкташат?

Мурда адамдар тамак үчүн күрөшсө, азыр тамак менен күрөшүп жаткан сыяктуу. Дегеним барчылык заман, баары кенен… Андан улам ашыкча салмак менен күрөшкөнүбүз көп. Кайсы учур болбосун кыздар арасында «арыкташ керек» деген тема актуалдуу болуп келет. А жылдыздарда бул маселе эки эсе актуалдуу.

 

Чолпон: — Арыктагым келген учурларда кой, уй этинен такыр баш тартам да, тооктун гана этин жеп калам. Ага бадыраң менен көк чөптөрдү кошуп жейм. Газдалган, таттуу суусундуктарды токтотуп, жөнөкөй гана таза суу ичем. Камыр же өзүмө жаккан тамактарды түшкү саат 12ге чейин жейм, андан кийин такыр жебейм. Уктарга төрт саат калгандан баштап эч нерсе жебейм, адам уктарда ачкалыкты сезип жатса эле толбойт.

 

 

 

Асел Касымова: — Сырткы келбетим бир калыпта жүрүүсү үчүн убагы менен атайын өзүм билген ыкмаларды жасап турам. Алардын бири мындай: эртең менен ач карын бир кесим лимон менен бир чай кашык бал кошулган бир стакан суу ичем. Анан күн бою сабизди, ашкабакты же кызылчаны шире сыккычтан өткөрүп ширесин иче берем. Бул ширелер организмди эң сонун тазалайт. Бул учурда эмне тамакты жегим келсе жей берем. Бирок тоюп алганча эмес, аздан гана. Ун азыктарын колдон келишинче азайтып, чуркап турам. Эгерде адам чуркап, көнүгүү жасап же көп кыймылда болсо эле толбойт.

 

Залина Касымова: — Эң натыйжалуу диета деп гречка диетасын билем. Диетаны кармоо да эң жөнөкөй: кечинде 1 стакан жуулган гречканы идишке салып, үстүнө 2 стакан кайнатылган жылуу суу куюп таңга чейин үстүн жаап коёбуз. Гречка мындай абалында курамындагы пайдалуу заттарды кармап турат. Эртең менен ашыкча суусун төгүп салып, кечке чейин ошол гречка менен тамактанабыз. Туз, май сыяктуу кошулмаларды кошконго болбойт. Эгер такыр көңүлүңүз айныса, бир аз соя соусунан кошуп татымалдап жесеңиз болот. Бул диетаны кармаганда дене туздардан, шлактардан арылып, адамдын организминде жеңилденүү байкалат. Суюктуктардан суудан сырткары канты жок көк чай жана 1% майлуулуктагы кефир ичсе болот.

 

 

Гүлсүн Бостонкулова: — Эгерде өзүмдү оор сезип калсам, төмөнкү диетаны бир жума кармап койсом өзүмө келип калам. Эртең менен ашказаным бош болбоосу үчүн кефир же болбосо кофе ичип, артынан жемиштерди жей берем. Түштө кадимкидей эле жакшылап тамактанам. Андан кийин да жемиштерди каалашымча жей берем. Саат бештен кийин ашказан ачышып, ачка болуу сезими пайда болот. Ал учурда сууга бышырылган күрүчкө кефирди кошуп жейм. Бул кошулма организмди жакшы тазалайт. Диета учурунда организмде витамин калбай калып, адамда алсыроо болбошу үчүн жемиштерди ченемсиз жей бериши шарт.

 

 

 

Айпери Кулбаева: — Мен бал аркылуу 2 жумада 5 кг салмак таштай турган эң жакшы диетаны колдонуп жүрөм. Бирок бул диета балдан аллергиясы жок адамдарга гана сунушталат. Бал майларды эриткенден башка организмди витамин, минералдар менен камсыздап, иммунитетти бекемдейт. Рецепти эң жөнөкөй: 100 мл жылуу сууга 1 аш кашык бал жана бир аз лимон ширесин кошобуз. Бул суюктукту күн сайын эртең мененки тамактануудан бир саат мурун жана кечинде жатарга 2 саат калганда ичебиз. Дал ушул рецепт менен адашпай, унутуп калбай туура эки жума ичүү керек. Бал табигый таза болуусу шарт. Тамакты каалагандай жей бересиз, бирок, албетте, ченеми менен.

 

 

Айгүл Чалова: — Азыркы учурда бала эмизгениме байланыштуу өзүмө жакшы келе элекмин. Мурда эң натыйжалуу диетам бар болчу, ошону кармап өзүмө келип алчумун. Ал диета учурунда айлап уйдун же тооктун кайнатма шорпосун гана ичем. Анан сууга бышкан күрүч же гречкага кандай салат болбосун кошуп жей берчүмүн. Таттуу дегенди унутуу керек. Эртең мененкисин кофеге лимон же бал кошуп иччүмүн. Кофени ашказан оңой менен аш кыла албайт экен да, адам ток сыяктуу жүрө берет. Жемиштерден банандан башкасын каалашынча жесе болот. Диета деген ачкалык эмес, туура тамактануу экен.

 

 

Азур: — Фигуранын “душманы” — ун азыктары жана таттуулар, андыктан арыктагысы келген адам эң биринчи ушул азыктардан баш тартуусу керек. Анан күнүгө 2 литрден ашык суу ичүү сунушталат. Суу ичкенде да аны туура ичүү шарт. Эртең менен ач карын 2 стакан, андан кийин ар бир тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 2 стакандан суу ичсе жакшы. Эч качан тамак менен суюктукту аралаштырбоо керек, тамакты кургак жеш керек. Тамак жегенден кийин бир сааттан кийин суюктук ичсе болот. Ошондой эле эртең менен турганда бир аз көнүгүү жасап койгон эң пайдалуу. Эртең менен адамдын ичи тартылып калат эмеспи, көнүгүү учурунда адам өзүн арык сезет, ал психологиялык жактан жакшы жардам берет.

Булак:lady.kg

Динара ЧОКОЕВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу