«Журналисттен доо арызды алуу менен маселе чечилбейт»

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева «Азаттык» уналгысынын журналиста Ыдырыс Исаковго болгон ишкер Жалил Атамбаевдин доо арызын кайтарып алганы менен маселеге чекит коюлбай турганын парламенте айтып чыкты. Бул тууралуу: «Коррупция боюнча маселени Жогорку Кеңеш көтөрбөй, социалдык тармактар көтөргөндөн кийин анан биз ошону мисал кылып сүйлөп калдык. Мындай болбош керек, парламент өз ролун так аткарып, талылуу маселелерди өзүбүз көтөрүп, ак ниет, таза ишкерлерди колдоп жардам беришибиз керек. Салык токпогон, көмүскө экономика менен алектенгендерди ачыкташыбыз керек», — деп билдирди.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу