Жумабеков 1000 тонна буудайды жеп коюптур

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун мурунку жетекчиси Жоомарт Жумабековго, жакында эле 2016-жылы Өзбекстандан жер семирткич сатып алуу иши боюнча мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирди деген далилдүү жүйө менен кылмыш иши козголгон. Мындан башка да анын былык иштери четинен чубалжып чыгууда. Ал аталган фондду жетектеп турганда иштебей эле, жемкорлук менен алектенип турган окшойт. Бул фонддун азыркы жетекчиси Гуламжан Анарбаевдин маалымат каражаттарына: “Талас облусундагы буудай сактаган кампаларыбызды текшерип эсебин алышканда, ал жерде миң тоннадай буудай жетпей калды. Негизи Талас облусунун элине 700-800 тонна буудай запаска туруш керек болсо, негедир 7-8 миң тон­надай сатып алышкан экен. Биз бул боюнча бардык материалдарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берип, өкмөт башчыга да маалымдоо катары кат жаздык” – деп билдирген. Эске сала кетсек, Таластын элинен мамлекеттин акчасына сатып алынган 1000 тонна буудайды, ошол кездеги жетекчи Жоомарт Жумабеков өз адамдары аркылуу ишке ашырган. Талас Жумабековдун кичи мекени. Эми бул боюнча да кылмыш иши Жумабековдун мойнуна илине тур­ган болду. Жумабековдун учурунда фонддун кампаларында курттап кеткен миңдеген тонна ун элге, мекемелерге сатылып кеткени да ачыкка чыгып, кызуу талкууга алынган. Азыркы жетекчи Анарбаев ал курттаган ундун калдыгын жемге берип кутулганын айткан.

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу