ЖУБАЙЛАР ОРТОСУНДАГЫ КӨЗГӨ ЧӨП САЛУУ

Көзгө чөп салуу “Жубайлар бири-биринин көзүнө чөп салганда эмне кылуу керек? Ажырашуу эң ыңгайлуу жолбу? Кантип жазалоо керек же арзыбайбы?” деген суроолор менен салт жана ислам изилдөөчүлөргө кайрылдык.

Этнограф, тарыхчы Черикбай Өмүрбеков: – Кыргыздын салттык коомунда жубайлар ортосундагы ички келишпестиктер эч качан сыртка чыкчу эмес. Артка кайрылсак, ойношту көбүнчө байдын токолдору күтүшкөн. Карыган байынан балалуу боло албаган учурларда жаш жигиттер менен көңүлдөш болушчу. Токолунун чекилик кылганын байы билген күндө да элге ачык айтпай, баланы өзүнүкү кылып той бергендер болгон. Же сыртка чыгарбай, акырын төркүнүнө жеткирип берген. Эгер үй-бүлөдө эркек аялынын көзүнө чөп салса, аял эч качан ажырашуу тууралуу маселе көтөрүп чыккан да, журт башына даттанып барган да эмес. Өзүңөр билесиңер, ажырашуу үчүн аялдын күйөөсүнө талак бергени кабыл алынбайт. Ушундай көрүнүштөрдөн улам күйөөсү кандай чечим кабыл алса, ошондой калган.

Ислам изилдөөчү, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек: – Көзгө чөп салуу жубайлар ортосунда кызыгуу жоголгондо пайда болот. Анткени алар түтүн булатар алдында “эмне максат менен үйлөнүп жатабыз?” деген суроонун үстүндө талкуу жүргүзүшкөн эмес. Азыркы коомду карап көрсөк, биз кантип үйлөнүп жатабыз? Көчөдөн же кафеден өңдүү-түстүү, бой-келбети келишкен кызды көрүп калабыз да, жактыруу сезими пайда болот. “Сүйүп калдым” деп анын өңү-түсүнө кызыгып баш кошобуз. Бул туура эмес. Шариятта “аял эркектен төрөп, күйөөсүн бактылуу кылам” десе, эркек “үй-бүлө күтүп тукум улайм, бузукулуктан сактанам” деп кичине мамлекет түзүлөт. Үйлөнгөндөгү экөөнүн тең максаттары бир. Кудайды ыраазы кылып, бейишке чыгуу. Айланага көз чаптырсак, мисалы, аялы күйөөсүнүн бирөө менен жүрүп жатканын угуп келет. Чын-бышыгына жетпей туруп кыйкыра баштайт. Балким, бул ушактыр. Мындай сөздөрдөн улам үй-бүлөгө жараңка кетет. Ал эми исламда көзгө чөп салгандыгын далилдөө өтө кыйын. Аялынын же күйөөсүнүн ала жипти аттаганын көргөн төрт күбө болушу абзел. Жөн гана сүйлөшүп тургандарын эмес, жыныстык катнашта болуп жаткандарын көргөнү эсепке алынат. Шариятта “бойдоктор ушундай ишке барышса, үйлөндүргүлө. Эгер алардын үй-бүлөсү бар болсо, таш бараңга алгыла” деп айтылат. – Шариятта кыз менен жигит кимдир бирөөлөрдүн коштоосунда бир гана жолугуп, анан үйлөнүүгө тийиш. Үйлөнүүнүн максаттарын талкуулаганга качан жетишишет? – Талкуулайт десе эки саат, үч саат маектешүү эмес. Бул тарбиядан болот. Кызды да, жигитти да кичинесинен ата-эне ыймандуулукка тарбиялаш керек.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу