Жолдошбаевдин баркы кете баштаптыр…

Мурдагы манаптардын заманы акырындык менен буулуп бараткандай. Анткени кийинки муундун  өкүлдөрүнүн жүрөгүнө көк таштай тийишкени жалган эмес. Маселен, башында  кимди болсо да жетер жерине жеткизе сөгүп, мыскылдап жүргөн «Беш Сарынын» кожоюну Камчыбек Жолдошбаевди катардагы эле базарда жүргөн бир жигит орусчалап туруп ашата сөгүп айрандай абийирин төктү. 

Көрсө депутаттын кызы жүз миңдеп чыгым кылса да орун берем деп жүрүп убадасынан тайып кетиптир. Бул деген кагылган кооптуу коңгуроо десек неге жарабасын? Айтор, акыркы убакта анча-мынча көпкөндөрдүн мурдунан куртун түшүрө башташты. Чамасы чыдоонун чеги жетер дарегине жеткендей. Негизи дүгүрсүгөн бизнесмендердин парламенттин төрүнө келип чочойуп отуруп алышына каршы чыккандар арбып кеткени жакшылыктын жышааны десек болбой калмак беле? Куп жарашат да, керек болсо. Камчыкеге окшогондор өлкөнүн ырыскысын жеп, биротоло байлыгына чиренип, дабдырап калышты. Ошондуктан булардын тизгинин тартып койбосок болбой калды окшойт. Качан чейин алардын эрке балдары, кыздары атасынан алган тескери тарбиясын жалпыга тарата беришет? Жетет, алардын жоруткарына  тоюп бүттүк!

БУЛАК: Ачык сөз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу