“Жок” деп айтканды үйрөн!»: Бизнесмен Эмил Үметалиевден 10 кеңеш

Эмил Үметалиев, “Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү, жетекчиси жана коомдук ишмер.

Бизнесмен Bilesinbi.kg’нин окурмандары үчүн ийгиликке жетүүнүн сырларын айтып берет.

  1. Адамдардын ишенимине ээ бол!

Сага ишенген адамдардын саны көбөйгөндө гана кардарлардын саны көбөйөт!

  1. Бир ой тап.

Адам өзүнө эргүү берген жана талыкпай кызмат кылууга түртүп турган бир ой табышы керек. Эгерде тапкан оюңа өзүңдү арнай албасаң, анда ал ишке ашырууга татыктуу эмес ой.

  1. Ойду кантип жана кайсыл жерден табуу керек?

Эң көйгөйлүү нерсенин чечүү жолун тапкан адам – жаңы продуктунун же тейлөө кызматынын демилгечиси болуп кетиши мүмкүн.

  1. Текшер!

Жумушуңду башкалардан эң мыкты аткарганга аракет кыл. Эгерде сенден мыктылар чыгып калса, бул ишти аларга берип салган туура болот. Анткени сен ал ишти жүрөгүң менен сүйө албай, бат муздап каласың.

  1. “Жок” деп айтканды бил, баш тартканды үйрөн.

Ишкер «жок» дегенге үйрөнүш керек. Ар кайсы кишиге акча бере бербеген, өзүнүн ишине бүт ресурстарды жумшап, каражатты сарамжалдуу колдонгон адам ийгиликтерге жетет.

  1. Алданба!

Алданган адам эч качан ишкер боло албайт. Көп же аз болгонуна карабастан акчанын 10% сактаса, ал ийгиликтүү ишкерге айланышы мүмкүн.

  1. Акчаны салым (инвестиция) катары кабыл ал.

Акчаны чыгым катары көргөн адам, ишкерлик менен алектенүүгө татыктуу эмес.

  1. Өнөктөштөр менен мамиле түзгөндү үйрөн.

Бизнес түзүү үчүн эң керектүү сапаттардын бири — бул өнөктөштөр менен жакшы тил табышуу.

  1. Глобалдуу ойлон, локалдуу кадам ташта.

Чоң ишти баштоо үчүн так кыймыл аракет керек. Акырындык менен кадам жасап жакшы ийгиликтерге жетсе болот. Турган жериңен башта, алың келген нерсени жасай бер, колуңда болгон ресурсту колдон.

  1. Инновация.

Келечектин муктаждыгын көрө билүү жана келечекте өзүн алдын ала тааный билүү — бул инновация. Күнүнө бир жаңы ой табууга аракет кылсаң гана инновация болот.

Булак:Bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу