Жогорку соттун басма сөз катчысы кызматтан кетти

Сюита Соурбаева «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз катчылык кызматынан өз каалоосу менен кеткенин билдирди.

Сюита Соурбаева буга чейин КТРКнын директорлугуна талапкерлигин койгону маалым болгон. «Азаттыкка» сүйлөп жатып, ал мамлекеттик кызматтан четтеп, журналистика менен алек болгусу келгенин айтты.

Азыркы учурда Жогорку соттун басма сөз катчылыгына сынак жарыялана элек. Мыйзамга ылайык бошогон кызмат ордуна сынак жарыяланып, талапкелер атайын тест тапшырышы керек. Бул кызматка юридикалык билими бар талапкерлер гана документ тапшыра алат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу