ЖК депутаты: Ал киши түкүрүгү менен бизди эчтеке кыла албайт, болгон өзүнүн пастыгын көрсөттү

Эл өкүлдөрү Ак үйдүн алдындагы жарандын жаңжалдуу кылыгы тууралуу айтышты

Ак үйдүн кашаасына түкүргөн кыргызстандык акыркы күндөрү эң көп талкууга түштү. Тармактын колдонуучулары экиге бөлүнүп алып аны талкуулап жатышат: айрымдары колдошсо, кээ бирлери туура эмес дешет.

Эске сала кетели, ал киши өкмөткө, депутаттарга жана Ак үйдө иштгендердин баарына түкүргөн.

Vesti.kg сайты бул жарандын кылыгына кандай карайсыздар деп эл өкүлдөрүнө кайрылды.

Депутат Ирина Карамушкина Кыргызстанга жаңы кирип жаткан Кодекс аябай керек деп дагы бир жолу баса белгиледи.

— Мен бул чаранын популисттик экендигине макулмун, анткени түкүргөндөрдү артынан кууп табуу кыйын, — деп мойнуна алды ал. — Бирок биз иш боюнча ар кайсы өлкөгө барабыз. Мен ал жактан Бишкекчелик көп түкүрүлгөн шаарды көрө элекмин. Ошондуктан бул мыйзамды кабыл албай койгонго да мүмкүн эмес. Мен мурда Жогорку кеңештин тепкичтериндеги какырыктар тууралуу жазган элем. Бул абдан жагымсыз көрүнүш. Биринчиден инфекция таркалат, экинчиден жарандардын өтө маданиятсыздыгы.

Ирина Юрьевнадан түкүргөн киши тууралуу сураганыбызда, башка өлкөлөрдө деле депутаттарын сыйлабагандарын айтты.

— Албетте элдер аларга карап түкүрбөш үчүн, биринчи кезекте депутаттар өздөрү мыйзамды сыйлашы керек, — дейт Карамушкина. — Кандайдыр бир жаман иштерди бекитип баштаганда, элдер баарын көрүп турат да, алар эл өкүлдөрүнүн эки жүздүү экендиктерин билишет. Ошондуктан алар тарапка ар кандай сындар айтылат, көбүнчө туура эле сындар. Башка өлкөлөрдө деле мыйзам чыгаруучуларды эч ким сүйбөйт. Ал Ак үйгө крап түкүрсө, бул жакта бир эле депутаттар отурбайт да, президен, анын аппараты бар. Ал түкүрбөй, өзүнүн позициясын айтып билдирсе буга караганда таасыныраак болмок.

Жогорку КУеңештин депутаты Тазабек Икрамов өз кезегинде кыргызстандыктарды бир гана айып пул салуу менен тартипке келтирүүгө болоорун айтты. Ал эми түкүргөн жигиттин кылыгы — бул пастык деди.

— Мен да дайыма машинадан башын чыгарып түкүргөндөрдү, аллеяда кетип баратып түкүргөндөрдү көрөм, — деп нааразы болот Икрамов. — Ал кишилердин төөдөн айырмасы жок. Тиги киши болсо айып пулга нааразыболот, анда түкүрбөй койсун. Жол эрежесин бузба, мас болуп ролго отурба. Ал түкүрүк менен аьага инфекция таркалат — ошол эле туберкулёз. Биз жана биздин балдарыбыз андан дем алат. Ал өзүнүн түкүргөнү менен бизди эч нерсе кыла албайт, бир гана өзүнүн деңгээли төмөн экендигин көрсөттү.

Депутаттын ою боюнча, кыргызстандыктар башкача өңүттөгү виделорду тартып мекендештерди тартипке чакырышы керек.

— Биз балдарыбызды тартиптүүлүккө үйрөтүшүбүз керек, мисалы, таштандыны челекке алып барып таштоону. Эгерде түкүргүң келсе, аны атайын баштыкчага түкүр.

Эске сала кетели, Жогорку Кеңештин кашаасына түкүрүп атагы чыккан киши алиге чейин түшүнүк кат жаза элек, ал үчүн айып пул да төлөй элек.

Мурда Vesti.kg сайтына укук коргоочулар анын келишин Бишкек ИИМБ күтүп жаткандыгын билдирген эле.

Булак: Vesti.kg 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу