ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго…

Чын сөз айтам кереги жок макташтын,

Чындык үчүн чычалабай кармаштың.

Актыгыңды далилдедиң акыры,

Ага болбой алптар менен арбаштың.

. Жандарынан түңүлдүрүп дөөлөрдү,

Жан алгычтай жакасына жармаштың.

Буктурмалап кармаар кезде өзүңдү,

Буттан чалып буураларды аксаттың.

Сөзгө келбес төрөлөрдү ийилтип,

Сөкпөй, чаппай сай-сөөгүн какшаттың.

Илинер деп аңдып дале жүргөндүр,

Ичи арамдын тилектерин таги капсын.

Эмгегиңди эл-жериңден аяба,

Эл да билет түсү кандай баткактын.

Токтогул району, Ничке-Сай айылы Айылдык кеңештин депутаты Сиадияров Теңгебай.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу