Жаңы жыл майрамына карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмеси

Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, Жаӊы 2018-жылга карата ордо калаанын тургундарына жана конокторуна жаӊы жылдык майрамдык иш-чаралар өтөт.

14-декабрда «Коломто» муниципалдык мекемеси кайрымдуулук иш-чарасын уюштурат.

21-декабрда саат 11:00дө Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жарым жетим, толук жетим балдарга, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык балаты уюштурат.

27-декабрда таңкы саат 10:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан 1100 жетим, жарым жетим балдарга, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун балдарына, ЧАЭС, Афган согушуна катышкан үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ар түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрүнө жана жакшы окуган окуучуларга жаңы жылдык балаты өткөрүлөт.

31-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык театралдаштырылган концерт, элдик эс алуулар өткөрүлүп, иш-чара 2 бөлүктө эртең мененки (12:00дон 15:00го чейин) жана кечки (20:00дон 24:00гө чейин) бөлүктө өтөт. Кечки бөлүгүндөгү концерттик программа уюштурулуп, шаар тургундары үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланат.

Ошондой эле саат 00:00дө Ала-Тоо аянтында жана Дайыр Асанов атындагы сейил багында жаңы жылдык салют менен майрамдык кече жыйынтыкталат.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу