«Жаңы бийлик менен тил табышып алдым” деп көкүрөк каккан Пирматов түрмөнүн төрүнөн орун алабы?

«Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» деген образды парламент депутаты Исхак Пирматов даана далилдеп келет. Анткени, анын коррупциялык ишмердүүлүгү жалпы коомчулукка дайын. Ошентсе деле темир тор артынан эмес, парламент креслосунан орун алып келет. Парламенттин 5-чакырылышында ага карата кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тарталы деп Башкы прокуратура кайрылганда, парталаш депутаттар арачалап калган эле.

Анан андан ары аны «шоопур» Икрамжан Илмиянов менен экс-контрабандист президент Алмазбек Атамбаев канаттарына калкалап, аны «кошелек» катары пайдаланып келишкен. Азыркы тапта дагы борбор шаардын мэри Албек Ибраимовго катуу иштеп берип атканы айтылып келет.

Ошентип, ар бир бийликтин учурунда калкалана турган «канат» таап алуучу Исхак Айтбаевич учурда: «Мен жаңы бийлик менен тил табышып алдым, мени бул бийлик да камабайт» таризинде мактанып жүргөнүн уккандар айтышууда. Эгерде анын бул мактанычы президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнө чейин жетсе, анда кандай болушу мүмкүн? Албетте, Пирматов түрмөнүн төрүнөн орун алып калышы толук мүмкүн. Себеби, мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөштө тууганын да, досун да аябай турганын эскерткен. Президент айткан сөзүнө турарын буга чейин далай ирет далилдегени маалым.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу