Жаштыкты узартуучу азыктар аныкталды

Гидрохинон менен цинк кошулганда организмдеги картаюу процесси кечеңдей турганы аныкталды.

Эрланген-Нюрнберг университетинин (Германия) окумуштуулары шоколад, чай, кофе жана шарапта көп кездешкен гидрохинон заты цинк менен кошулганда организмдеги картаюу процесси кечеңдей турганын аныкташты. Бул тууралуу Phys.org порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Бул эки зат бириккенде клеткалардын дем алуусуна тоскоолдук жараткан кычкылдандыруу процессине каршы күрөшө алат. Демек, клеткалардын жетиштүү дем алуусуна шарт түзүп, эрте карып кетүүнүн алдын алат.

Ал эми цинкти адам эт, сүт, жумуртка, жаңгак, күрүч, алма, апельсин, алча сыяктуу азыктардан ала алат.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу