Жанар Акаев жетекчи болуп шайланды

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин чечими менен депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеӊештин Армения Республикасы жана Грузия Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Армения Республикасы жана Грузия Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун 2019-жылдын 16-майында өткөн жыйынында достук тобунун башчылыгына депутат Жанарбек Акаевдин талапкерлиги жактырылган.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу