Европанын эң оор ашкабагы 1008 килограмм

Германиянын Баден-Вюртемберг аймагындагы Людвигсбург шаарында өткөн Европа боюнча ашкабак өстүрүү чемпионаттыгында бельгиялык Матиас Виллеминдс экинчи ирет чемпион болду.

24 жаштагы Матиастын бул жылы өстүргөн ашкабагы 1008 килограммдык салмагы менен Европанын чемпиону болду. Бельгиялык дыйкан ошол эле мезгилде дүйнөлүк рекордду багындырды.

Европа чемпионаттыгында экинчи орунду 849 килограмм ашкабак өстүргөн италиялык Стефано Кутрупи алса, польшалык Доминик Кедзяк 836 килограммдык ашкабагы менен үчүнчүлүккө жетти.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу