Дүйшөнбек Зилалиев: «Liglass» менен соттошууга даярбыз

Кыргыз өкмөтү чехиялык «Liglass Trading» компаниясы менен соттошууга даяр. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев «Марал» радиосуна билдирди. Ал «Liglass» Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берүүгө камынып жатканы боюнча комментарий берип жатып буларды айтты.

— Жеке менин өзүмдүн оюмда булардын сотко бергенге укугу, акысы бар. Биздин позициябыз жакшы, соттошконго даярбыз. Маселе жок анда.

«Liglass Trading» компаниясы Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берүүгө ниеттенип жатканын чехиялык жалпыга маалымдоо каражаттары компаниянын расмий пресс-релизине шилтеме берип жазып чыгышкан.

Анда «Liglass Trading» Кыргызстан тараптан келишимди токтотуу тууралуу расмий билдирүү ала электиги белгиленген. Чехиялык компания Кыргызстанда ГЭС курбай тургандыгы тууралуу маалыматты компания жетекчилери басма сөзгө чыккан маалыматтардан билген. Ошол эле учурда «Liglass Trading», инвестициялык макулдашуу боюнча талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга үч ай убактысы бар экендигин эске салган.

Кыргызстанда 14 чакан ГЭСти курууга тендер жарыяланып чехиялык «Liglass Trading» ишканасы анын ичинен 10 ГЭСти куруу үчүн тендерди утуп алган. Аталган компания чакан ГЭСтер менен кошо Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын дагы курууну өз мойнуна алып, конкурска катышуу үчүн кепилдик каражат катары 1 млн 147 миң которгону кабарланган.

Ишкана аны менен катар Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына «РусГидро» короттук деген 37 млн доллар каражатты 19-сентябрга чейин төлөөгө милдеттенме алган. Бирок берилген мөөнөттө каражатты төгө албай кыргыз өкмөтү 18-сентябрда «Liglass» менен болгон келишимден чыккан.

Чехиялык ишкана эми кепилдик төлөм катары төлөгөн 1 млн 147 миң долларды алып кетүү ниетин билдирүүдө.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу