ДЕҢИЗ ЖАНА АТА

Мелис байке Эшимканов каза болгондон бир топтон кийин Бостондогу кызы Жылдызга телефон чалдым. Көпкө сүйлөштүк. Көп нерсе айтып берди. Бир кезде үндөбөй калды. “Эмне унчукпай калдың… азыр эмне кылып атасың?” десем “машинамдын ичинде, деңизди карап отурам, жээкке келгем…” деди. Бул Ата жөнүндөгү пауза эле. Мен ал үнсүз тынымды жакшы билем. Жакшы түшүнөм. Андыктан, трубкадан анын дем алганын, Бостон бухтасынын толкундарын да уккансыдым…

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу