Депутат Сатыбалдиев менен Кулматовду үй камагына чыгарууну өтүндү

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, абакта отурган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду үй камагына чыгарууну суранып Башкы прокуратурага кат жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат өзү билдирди.

— Кайрылуу — бул процессуалдык кадам эмес, бирок депутат катары, жаран катары ушинтип кайрылууну туура көрдүм. Анда Жантөрө Сатыбалдиев менен Кубанычбек Кулматовду камактан чыгарууну сурандым. Себеби алар долбоор иштелип чыгып жатканда кызматта болушкан, бирок ал ишке ашып жаткан убакта кызматта болушкан эмес. Мен болсо бул маселени иликтеген комиссиянын мүчөсү катары айтсам, ал долбоорду иштеп чыгууда эмес, ишке ашырууда ката көп болгон. Мен аларды актаганым жок, болгону калыстык менен караш керек. Аларды үй камагына чыгарып туруп деле териштиришсе болмок, — деди Масалиев.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек ЖЭБин модернизация кылуудагы мыйзам бузулган учурлар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башка он чакты аткаминер менен кошо былтыр кармалышкан. Алардын экөөнө тең “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып жаткан бул саясатчы тең өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагып келатышат.

Кулматовдун иши боюнча тергөө аяктап, иштин материалдары менен таанышуу жүрүп жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу