Депутат Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Музаффар Исаков өз каалоосу менен депутаттык мандатынан баш тарта тургандыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Эл өкүлүнүн арызы бүгүн, 24-декабрда келип түшкөнүн “Азаттыкка” БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “Коррупция” беренеси менен өткөн жылдын башында кылмыш ишин козгогон. Депутат «Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган, аны менен айыл чарба багытындагы 15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга берип жиберген» деп айыпталууда. Текшерүү учурунда адамдар жер тилкелерин 1500-3000 долларга чейин сатып алганын билдиришкен.

Ишти быйыл жайында Сузак райондук соту карай баштаган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу