Ден соолукта болуш үчүн тузду азайтыңыз!

Туз биздин организмге эң керектүү азыктын түрүнө кирет, бирок аны өлчөмүнөн ашык колдонуу ден соолукка зыян алып келет. Адистер күнүгө 5 грамм туз колдонууну сунуш кылат. Адистер пакеттелген тамак-аштардын курамына көнүл бөлүш керектигин айтат. Анткени алардын курамында канча өлчөмдөгү туз жазылган эмес. Алардагы 1 грамм натрий 2,5 грамм тузга барабар.

Жүрөк оорулары, гипертония жана бөйрөк оорусуна чалдыккандар күнүнө жок дегенде бир грамм тузду колдонууда азайтып жатып, ал оорулардын алдын алган болот экен.

Тамак-аштагы ашыкча туз жана шекерди колдонуу өзүбүзгө эле абдан зыян. Мисалга, ашыкча туз колдонуу семирүүгө алып келет. Муну адистер үй-бүлөдө баланын кичинесинен баштап көзөмөлгө алуусун сунуш кылат. Себеби, сиз башынан тамак-ашта тузду аз өлчөмдө колдонсоңуз, балдарыңыз дагы ошол тартипке көнмөкчү.

Тузду аз колдонуу үчүн төмөнкүлөргө көңүл буруңуз!

1.Тамакты жасап жатканда, ага кошулган тузга көңүл бөлүңүз.

2.Туздун ордуна сарымсак, пияз, балгар даамдарын колдонуңуз.

3.Сатып алынган ак нан, пицца, сыр сыяктуу тамак-аштардын өзүндө эле ашыкча туз болгондугун эске алыңыз.

4.Өзгөчө суюк тамак-аш, кайнатмаларга аз өлчөмдөгү туз колдонуу керек.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу