Дастан Шаршеев кикбокс боюнча чемпион болду

Дастан Шаршеев кикбокстун К-1 версиясы боюнча профессионал мушкерлер арасында өткөн беттеште чемпион атыкты.

Ал орусиялык атаандашы Алексей Додоновду экинчи раундда нокаут менен утту. “Мыктылардын мелдешин” жаңы түзүлгөн кыргызстандык «К-1 Max Pro» промоутердик компания уюштурган. Анын алкагында 10 беттеш өтүп, Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан спортчулар катышты.

Мелдеш Кожомкул атындагы спорт ордосуңда 25-февралда өттү.

Дастан Шаршеев буга чейин эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча мелдештерге катышып келген. Уюштуруучулардын айтымында, бул Дастан Шаршеевдин кикбокстун профессионалдар арасындагы алгачкы беттеши.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу