Данияр Эрматов, «Билем жактырасың» -деп кимге ырдап жатат?

«Жылдыздын, жылдызы»-деп саналган Данияр Эрматов бул ирет, кайгылуу ыр эмес,  шаңдуу ырдын коштоосундагы, «Билем жактырасың» атту ыры жарык көрдү.  Бул тууралуу ырчы мырза өзүнүн соц. баракчаксына (Instagram) жарыялады. Анда, Данияр Эрматов  атайын күйөрмандары үчүн бериле ырдап, сүйүнүчүн койнуна батыра албагандай. Кызык, «Билем жактырасын» дегенине караганда, Данияр Эрматов, жактырган бирөөнү байкап калса керек. Албетте, бул ыр кимге арналганы тууралуу  баарыбызга суроо туулуп турат. Андыктан, бул сурообузга жоопту күтө туралы. Ал эми ырчы мырзага чыгармачылык ийгилик каалап, өзү жактырган түбөлүктүү түгөйүн табышына тилектешпиз.

БУЛАК: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу