Даир Кенекеев кызматтан өзү кетиши керек эле…

“Учкун» басмаканасынын директору Даир Кенекеев басылма аттестаттарды «окончил среднюю реднюю школу» деген ката жазуусу менен бастырганын мойнуна алды. Ал муну «адамдык фактор» деп атап, өзү жоопкерчиликтен качты. Кенекеев: «Мындай ката жазылдан аттестаттардын саны болгону 24, алардын баары Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп окуучуларына берилген. Ар бир документ билим берүү министрлиги менен макулдашылат, ал “среднюю реднюю” деп жаза алмак эмес. Бул биздин ката жана муну мойнубузга алабыз»- деди. Директор бул ката үчүн документтерди жекелештирүү бөлүмүнүн башчысын кызматтан алган. Ал эми башка аттестаттардагы «жөнүндөгү» деген сөздөгү «Н» тамгасын «Ң» деп алмаштырып жазылган катаны басма кетирбегенин айтып, безилдеген. Анын айтымында ал министрлик менен макулдашылган экен. “Ң” катасы үчүн басмакананын үч корректору кызматынан бошотулуп, үч кызматкери иштин ички регламентин бузгандыгы үчүн жазаланган.

Эске сала кетсек, 61 миң аттестат ката жазылган. Эгер ата-энелер ал боюнча арыз жазышса, “Учкун” ишканасы министрлик менен биргелешип, кайрадан бастырып беришет. Бул иш боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу