Гүлнара Калдарова, ырчы: “Саткын досторумду жашоомдон чийип койгом…”

-Көп ырчылар ырларын жаз айында жаздырат экен. Жаз чыгармачылык эргүүнүн мезгили десек болобу? Дегеле сиздин чыгармачылык эргүүңүз мезгил тандайбы?
– Чыгармачылык эргүү мезгил, убакыт, жер тандабаса керек дейм. Эгер эргүү мезгилге карап келсе, анда жаздан башка айларда чыгармалар жазылбай, ырлар жаралбай калмак го. Болгону азыр күз мезгилинде тойлор көп болуп, ырчылардын ыр жаздырганга убакыты тар болуп жатат. А жазында тойлор аз, ырчылардын баары бошпуз. Ошондой убакта ырларды жаздырып, клип тарттырып алууга аракет кылып келебйз. Анын үстүнө жаз, жай айлары клип тарттырууга абдан ыңгайлуу. Табият кооздук менен сулуулукка бөлөнүп, клиптерге көрк берип турат эмеспи.
– Азыр ырчылар концерт берип, чыныгы чыгармачылык менен алектенбей эле той аңдып калышты дегенге кандай жооп айтасыз?
– Азыр ырчылардын киреше булагы жалгыз гана той. Бизде башка акча таба турган булак жок. Концерттерден чоң киреше табууга мүмкүн эмес.
Анткени концерт бергенге чыгым абдан көп кетет. Бизде залдын ижарасынан тартып баары кымбат. Ошондуктан ырчылар азыр концерт берүүгө көп шашылбай калышты. Негизи сиздин берген суроо да абдан туура. Той ырлары азыр көп жазылууда. Жалгыз эле мен эмес, ырчылардын дээрлик баары тойго ылайыкташып бара жатабыз. Бирок тойдо ырдоону мен уят деп эсептебейм. Ал жерде деле концертке барган кыргыз элим отурат.
– 23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнү болду. Сиз китеп окууга канча убакыт бөлөсүз?
– Мурда китепке көп көңүл буруп, көп окуйт элек. Азыркы учурда интернет актуалдуу болуп жаткандыгына байланыштуу маалыматтардын баарын интернет булактарынан алып калбадыкпы. Ошондуктан азыр китепке караганда интернетке убакытты көп бөлүп жатабыз. Чындыгын айтсам, азыр китеп окуганга убакыт бөлө албай калдым. Себеби убактымдын көптүгү интернетке бөлүнөт. Анткени жумуштарымдын баары интернет аркылуу бүтөт. Китеп окубай калганыбыз чындык, муну моюнга алышыбыз керек дейм.
– Ырчылардын көпчүлүгү социалдык тармактар аркылуу үй-бүлөсүн, жолдошун жарнамалап турушат. Сиз үй-бүлөңүздү, жолдошуңузду такыр жарнамалабайсыз, “бакыт тынчтыкты сүйөт” дегенге кошулат окшойсуз ээ?
– Жолдошуң чыгармачыл адам болсо анда жарнамалап, анын ырлары, чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшүп турсаң болот. Эгер жолдошуң такыр чыгармачылыкка жакын болбосо, аны жарнамалоо туура эмес деп эсептейм. Биз турмуш жолуна бирге кадам таштаганда эле жолдошум: «Сен ырчысың, элдин адамысың, чыгармачылыгыңды элге жайылта бер, бирок үй-бүлөбүз жөнүндө элге жар салба, колуңдан келишинче эл көзүнөн, эл сөзүнөн сакта» – деген. Чынында үй-бүлөдөгү ынтымак, бакыт тынчтыкты сүйөт. Жаман көз, суук сөз деген бар. Жеке жашооңду канчалык элге көп жар салсаң, ошончолук сөз ээрчийт экенин жакшы билгендиктен жолдошум экөөбүз акылдашып, үй-бүлөм туурасында сөз кылбоону чечкенбиз.
– Сиздин артыңыздан ушак айтылганын уга элекпиз, кимдир бирөө туурасында жаман сөз да жазбайсыз, урушту сүйбөйсүз го?
– Негизи бирөөнүн артынан сөз сүйлөгөндү, бирөөнү жамандаганды, бирөөнүн сөзүн бирөөгө айтканды башынан жаман көрөм. Интриганы такыр сүйбөйм. Болгонун болгондой учурунда айтам. Артынан айткандан көрө бетине айт дегенди колдойм. Бул менин мүнөзүм. Эч качан атымды чыгаруу үчүн жакшы да, жаман да пиарды колдонгон эмесмин. Өз эмгегим менен кыбырап иштеп ийгиликке жетип жатканыма шүгүр кылам.
– “Устатты да, досту да саткан жокмун” – деп айтканыңыз бар эле, саткынчылыкты кандай түшүнөсүз?
– Саткынчылык – ишенимдин өчкөнү. Жашоодо адам ар кандай күнгө туш болот. Кээде ата-энеңе, бир тууганыңа айта албаган сырды досуңа айтасың. Ал досуң сырыңды сактай албай артыңдан сөз сүйлөп, колдоонун ордуна кордоп турса мына ушул саткынчылык деп билем… Менде мындай достор болгон. Андай адамдарды акырын гана жашоомдон чийип коем.
– Чыгармачылыгыңыздын чеги барбы?
– Эл колдоп, ырларыңды сүйүп угуп, баалап турса чыгармачылыкта чек болбосо керек. Элдин колдоосу эргүүнү пайда кылып, жаңы чыгармаларды жаратууга шарт түзүп, жол ачып берет эмеспи. Ошондуктан чыгармачылыгымдын чегин айта албайм. Элим колдоп турса жакшы ырларды жаратып, элиме кызмат кылууга дайым даярмын.
Жаркынай Кадыркулова
Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу