Гүлжайна Атаканованы ким «уй» деп атады?

Куудул Гүлжайна Атаканова өздүк баракчасына сүрөтүн жүктөп, «Күлсөң жалжактайт дейт,
Кулбосон таза каадаланат дейт.
Семирсең тыркыйып дейт,
Арыктасаң  ыржыйып дейт.
Узун кийсен солпоңдоп дейт,
Кыска кийсең жыртайып дейт.
Чачынды жайсаң саксайып дейт,
Бекем байласаң Тасырайып дейт.
Кимдер ушинтип айтышат билесиздерби? Эч кимиси бетине келип айта албаганы күлкүлүү.Аркаңдан сүйлөгөн адам демек аркада калган адам деп эсептейм.Кимди адамдар сөз кылат деп ойлойсуңар? Жакшы жашап аткан,ийгиликке жеткен, Дайым алдыга умтулган Жакшы,мыкты адамдарды сөз кылат Колунан эч нерсе келбегендер.ОШОНДУКТАН СЕНИН АРКАНДАН СӨЗ КЫЛЫШЫП АТАБЫ ДЕМЕК СЕН АЛДЫДАСЫН.ДАГЫ УМТУЛА БЕР ИЙГИЛИКТЕРГЕ ЖАНА БИЙИКТИКТЕРГЕ.»-деп билдирүү калтырган. Мындай билдирүүгө ugolov аттуу интернет колдонуучу, «Менин  таргыл уйума окшошсузго»-деп билдирсе, куудул Гүлжайна, «Уйга окшошкон жакшы, уй берекелүү, чем итке окшоп тааныбаган адамга үргөндөн көрө»-деп жооп калтырган.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу