Губернатордун агасы Байымбет Мураталиев эмненин ичинен чыкканы калды?

Байымбет Мураталиев эмненин ичинен чыкканы жатат?

 

Бул кишинин атын укпаган кыргыз баласы жок болсо керек. Биз кайдан билели, өзү ошентип айтыптыр. Интернет желесине тараган тасмада, Талас облусундагы бир жыйында эч кимди көзгө илбей, эски “карышкырлыгына” салып элге  ушундай эмизип жаткан экен.

 

Орус-кыргыз фондунун алкагында Президенттин аймактарды кантип көтөрсөк деген изги тилеги менен баргандардын алдында Байымбет акебиз бапылдап жаткан экен. “Мен, мен” эле деген үн чыгат. Чыкпай анан.

Инис бир облусту кокуштап, келген кеткендерди тескеп, Жерүйдөн түшкөн миллиондорду “кай жакка калчап ийсем” деп олтурганда, ал жердин ар түркүн “фокустарын” билген Байымбет акеси бапылдабаганда, ким бапылдайт? Анын үстүнө 1 миллион кызарып, Жерүйдун алтынынан артык көрүнүп жатса. Алсын, жазасын чатагыбыз, ич күйдүлүк да жок. Бирок, тишинин кирин соргон жаш ишкерлер “чоңдордон артпай калды” деп жерге түкүрүнүп турганда, иниси облус башкарып турса, облуска келген чакан ишкерлер үчүн акчага, анын акысы бар беле дейм да. Кудайды караса болбойбу.

Марат Мураталиев экин-бирин сөзү “элдикмин, элге болсун дейм” деп бапылдап калат эмеспи. “Сук” иттер.. иттикин жалагандай, артынан анын түркүн кооз сөздөрүнө ишенип, абалап турганын көргөндө, элдин дагы шоу бар экенине аргасыз ишенесиң.

Болбосо, оокатыбызды кылсак деген майда ишкерлерди жыйып туруп, анан облус жетекчисинин агасы чыга калып: “Кыргызстан боюнча менден проектилерди мыкты билгендер болсо алып келгиле” деп турса, Марат Мураталиевдин элге күйгөн адилеттиги кайда кетти?

Албетте, ачык айтсак катышканга акысы бар. А бирок, кыргыздын “кырмычыгына” чейин соруп бүткөн кыргыз бийлигинин бир тобуна элдин назары кантип түшүп, кантип сөгүп жатканын бу Мураталиевдеп аңдабай калды бекен?

Айтор, Мураталиев Байымбет акенин ар түркүн жоруктары чыга баштады. Жакында эле дагы бир видеосу тарап кетти. Эмнени уюштуруп жатканын ким билсин, айтор элдин башын кошкусу келип, элди колго алгысы келип жатканы ачык эле байкалат. Өздөрүн датка сезген “кыйындары” элге жакшы эле белгилүү. Алар туурасында да узун сабак кеп болоор. Маалыматтарга карганда өз урууларынын ынтымагы экени белгилүү болду. Ынтымак жакшы дегилечи, бирок кокту-колоттук саясаты менен дүң болгон кыргыз, акыркы кезде шайлоонун “шайдоот” өткөрөөр бир ыкмасы  дал ошол “уруулук ынтымактардан” издеп калышканы кимге болбосун түшүнүктүү эмеспи.

Булак:Факты кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу