Генерал Аида Салянова, сизди сүйгөндөн мага не пайда?..

Сиз эр жүрөк экенсиз! Эгерде азыркы ордуңузда сырттагы тили сайраган, популист, кыйынсынган он саясатчынын бирөөсү болгондо бийликтин алдына бырпырап жатып беришмек. Жансоога сурашып. А сиздин сырткы сулуулугуңузга ички дүйнөңүз, майтарылбас бекем эркиңиз, чечкиндүүлүгүңүз үндөшөт экен… Бүгүн башыңызга иш түшкөндө 10 жылдан берки келаткан мендеги ички сезимим козголуп кетти. Ырайымсыз саясатты колдонушкандар акыры жазаланышат. Сизге карай адилеттүүлүк жүзүн азырынча бурбаса да, жан сезим ички дүйнөңүздү аз да болсо көтөргөнгө көмөкчү болоор. Актанбайм, болгону өзүңүздөй айымга карай ойгонгон сезимимди башкалар эмес, эң оболу өзүм баалагым келет. Бар болуңуз, кыргыздын Кыз Сайкалы! Бирок, сизди сүйгөндөн мага не пайда?..

Тайбас, калемгер

Булак: Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу