Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бүгүн, 7-октябрдын таңында Бишкек — Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыкка кабылып каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты.
Жумакадыров менен бирге анын айдоочусу жана жардамчысы да көз жумган.
Маалыматтарга ылайык, Таласка бара жатышкан вице-премьердин жолтандабасы Садовое айылында каршылашында келе жаткан КаМАЗ оор жүк ташуучу автоунаа менен бетме-бет кагылышкан.
Жолтандабастын ичиндеги үчөө тең оор жаракаттардан улам окуя болгон жерде каза болушса, КаМАЗдын айдоочусу ооруканага жеткирилген.