ВИДЕО-Сабыр Муканбетов: «Икрам жасап кеткен өкүм зордугу үчүн, сөзсүз сурак бериши керек болчу»

Экс-президенттин жакын адамы, Атамбаевдин доору сүрүп турган кезде «серый кардиналга» айланган Икрамжан Илмияновдун камакка алынышы коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып турган чагы. NazarNews.kg маалымат агенттиги коомдук ишмерлерге Икрамжан Илмияновдун камакка алынышы боюнча суроо салдык. Белгилүү саясий серепчи Сабыр Муканбетов өз оюн төмөнкүдөй билдирди:

-Орусиядан алып келип суракка түшүп жатканын туура кабыл алдым. Икрамдын серый кардиналга айланганы, «ишеничтүү» адамга айланганы, анткени ал «булганычтуу» иштердин баарын экс-президент өмүр бою кызматта кала тургандай жасаган. Ал өкүм зордук, татолитардык, авторитардык системаны колдонгон. Элдерге көп запкы көрсөтүп, ишкерлерге өз билгенин кылып кеткен. Ошондуктан ал сөзсүз сурак бериши керек болчу.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу