Видео – Депутат Абдывахап Нурбаев менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кайым айтыша кетишти

-Сиз 2015-жыл 24-майда Дүйнөлүк банкка кат жазып жатасыз, ошол катка джип машинасы киргизилип кетти, буга ким күнөөлүү? Биринчи, башында 6-7 орундуу машина каралып келсе, сиздин катыңызда джип болуп кетип жатат? – деп сурады депутат Абдывахап Нурбаев бүгүн, 26-февралда, парламенттик профилдик комитеттин отурумунда, КР Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден.

-Ал спецификацияда ошондой келип түшкөн, биздин гараждагы адистер “6-7 орундуу машина болбойт” дешкен. Джипти мен өзүм үчүн алган эмесмин…, – деп жооп берди министр Чолпонбаев.

-Сиз радиого берген интервьюңузда “джипти мага чейинки министр тизмеге киргизген экен, мен билбейм” деп айткансыз. Биз документтерди көтөрсөк, сиз өзүңүз кат жазып, джип кошкон экенсиз, ошондо жалган айттыңызбы? – деп такыды депутат Нурбаев.

-Мен жалган айткан эмесмин, “ага чейин планга кирген, мен планды андан ары уланттым” дегем, – деди Чолпонбаев.

-Планда жок болчу да, планга кийин сиз киргизип жатпайсызбы, планда 64 аймактык ооруканаларга жардам иретинде деп акча келген. Бирок сиз келип-келип, 2-машинага өтүп кетип жатасыз да, өзүңүздүн моралдык жоопкерчилигиңизди сезесизби? – деп сурады депутат.

-Мен эми мыйзам боюнча, Дүйнөлүк банк менен макулдашып жасаганбыз да…

-Коё туруңуз, медицина тармагында канчалаган медициналык аппараттар, техникалар жетишпей канча адам өлүп жатат, “тез жардам” машиналары жетишпей, канчалаган адамга жардам өз убагында көрсөтүлбөй калууда. Анан сиз кантип уялбай Дүйнөлүк банкка кат жаздыңыз, “мага джип машина алып бергиле” деп? Бул уят да! – деп уяткарды депутат Нурбаев министр Чолпонбаевди.

Булак: KyrgyzToday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу