Видео – Генерал Кеңешбек Дүйшөбаев: ” Атамбаев Геббелстин ыкмасын пайдаланып жатат”

24-ноябрда өткөн “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең”  курултайынын уюштуруу комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге жооп берди.

10-декабрь күнү “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы бир топ саясий ишмерлерди катуу сындаган. Анын ачуу сынына кабылгандардын арасында Кеңешбек Дүйшөбаев да бар. Мисалы, бул киши тууралуу экс-президент: “Керек болсо, 2010-жылга чейин менден тамекиге, пирожкиге акча сурап эле жүрчү. 2010 дон кийин мультимиллионер болуп калды” деген сыяктуу сөздөрдү айткан.

А.Атамбаевдин айткандарынын канчасы чын да, канчасы калп? Ушул жагдайда кеп кылып атып, өзүнүн дегеле тамеки тартып көрбөгөндүгүн эскерте кеткен К.Дүйшөбаев мурдагы мамлекет башчы А.Атамбаевди “Калп канчалык акылга сыйгыс болсо, элди ишендирүү ошончолук оңой” деген принцип карманган, фашизмдин анабашыларынын бири Геббелске салыштырды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу