Видео – Адахан Мадумаров менен Рыскелди Момбековдун кайым айтышы

Кечээ, 11-декабрда “НТС” телеканалынын “Ар тарап” ток шоусунда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана коомдук саясий ишмер Адахан Мадумаров азыркы парламенттин ишмердүүлүгүнө баа берип жатышып, кайым айтыша кетишти.

Депутат Рыскелди Момбеков өзү иштеген КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына “3” деген баа берсе, Адахан Мадумаров өзү иштеген IV чакырылышка “мен спикерликте 5 ай эле отургам, эгер ошол кыска убакытты бийлик десеңер бул нерсени бетиңерге жаап алгыла, жетпей калса башка жериңерге жапкыла. А силер СДПК 8 жыл бийликте олтуруп өлкөнү сызга олтургуздуңар” деди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу