Венера Меймандиева: «Сыпайы кайрылсак бийлик укпаса, анда биз Ак үйдүн алдына митинг өткөзүп, боз үй тигип ачкачылыкка чыгабыз»

Кечээ, 19 ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ю.Фучика атындагы жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде өткөн апта, жума 16 ноябрь күнү “Сенсон Гранд” ЖЧКы келишим аркылуу бир айга жайгашылган, ижара акысы толугу менен төлөнгөн КРын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке болгон кайрылууну (баннерди) шаар башкармалыгы шылтоо таап алдырып салышыптыр. Биз буга чейин 2 жылдан бери коомчулукка, күч органдарына, прокуратурага, сотторго, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жана КР президентине бир топ жолу кайрылганбыз. Бирок ал кайрылуулардан, арыздардан, акыйкат күтүүлөрүбүздөн эч бир майнап чыкпады. Бийлик дүлөй, тийиштүү мамлекеттик органдар бизге сокур болуп турду. Ошондон улам, айласыздан, башка жол калбай калгандыктан, үнүбүздү коомчулук, бийлик уксун деп, биз активдүү 500 профсоюз мүчөлөрү ошол президентке болгон кайрылууну акча топтоп чыгарганбыз. Ал эми азыр болсо аны бурмалап, кайсыл бир мыйзамга такап алдыртып салышты. Мейли, алса-алышсын, уялгандан алып жатышса керек деп ойлойбуз, бирок биз баары бир токтобойбуз. Биз Кыргызстан профсоюздар федерациясында болуп жаткан акыйкатсыздык менен ачык күрөшөбүз. Маданий жол менен, сыпайы кайрылсак бийлик укпаса, анда биз апта, төртүнчү-бешинчи күндөрү Ак ү йдүн алдына митинг өткөзүп, Профсоюздар үйүнүн алдында боз үй тигип ачкачылыкка чыгабыз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу