Валентина Шевченко Нунес менен эң маанилүү беттеш өтпөй калганы үчүн канча миң доллар алат?

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC турниринин алкагында Ананда Нунес менен белгиленген беттеш өтпөй калганы үчүн материалдык компенсация алат.
Кечээ, 9-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 213 турниринде эң маанилүү деп күтүлүп жаткан бразилиялык А.Нунес менен В.Шевченконун беттеши өтпөй калды. Ага учурдагы чемпион А.Нунес беттешке бир нече саат калганда ооруканага түшүп калганы себеп болду.
Буга байланыштуу өткөн маалымат жыйында UFC башчысы Дана Уайт: «Валентина Шевченкого болбой калган беттеш үчүн гонорардын 70%ы берилет. Ал эми, Аманда Нунес эч кандай компенсация албайт», — деди.
Беттешке байланыштуу эки тарап тең өздөрүнүн пикирлерин жарыялады.
В.Шевченконун билдирүүсүндө: «Нунес тезирээк салмак түшүрүп, кайра салмак кошууну каалаган. Бирок анын кесепетинен ооруканага түшүп калды. Жыйынтыгында медициналык комиссия Нунеске беттешке чыгууга уруксат берди. Бирок, ал андан баш тартып койду. Бүгүн чемпиондук титул үчүн беттешпей калганым өкүнүчтүү. Өзгөчө дайыма мени колдоп, ушул беттешти күтүп, жада калса мен үчүн Лас-Вегаска келген күйөрмандарымдын алдында өкүнүчтүү. Бул окуяга өтө таң калып жатам. Бирок даярдык көрүүнү токтотпостон UFC турнириндеги беттештин жаңы белгилене турган күнүн күтөм», — деп жазылган.
Ал эми, бразилиялык спортчу Аманда Нунес бул абалды ден соолугу менен байланыштырды. «Бардыгы менин түшүндүрмөмдү уккусу келет. Менин өнөкөт синуситим бар. Мурда аны дарылап жеңип турчумун. Бул жолу андай болбой калды. Салмак түшүрүү учурунда дем ала албай, мурун көңдөйүмдөгү көйгөйдү сезип калдым. Мен өзүмдү жакшы сезбей, беттешке чыкпоону чечтим. Мен таразага түшкөндөн кийин ооруканага жаткырылдым. Алар мени текшерип, беттешке чыгууга уруксат беришти. Кийинки күнү мен ооруканага кайра бардым. Мени компьютердик томографияга тартышып, мурун көңдөйүндө өсүп кеткен кемирчекти табышты. Мага антибиотиктерди жазып беришти. Мен мурда эч качан беттештен четтетилген эмесмин. Өзүмдүн күйөрмандарымдын алдында кечирим сурайм. Беттеш кайрадан дайындалат. Мен ушул беттешти, ушул каршылашты дагы эле каалайм», — деп жазды Нунес Twitter баракчасына.
Валентина Шевченко менен Аманда Нунес UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн болуучу беттештин алдында ачык машыгуу өткөрүшкөн. Машыгуу 5-июнда АКШнын Лас-Вегас шаарында журналисттердин жана күйөрмандардын катышуусунда өткөн болчу.

Булак: Турмуш.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу